Токмоктук жаш ишкер жемиштерди кургатып, табигый таза как жасап сатууда.
25 жаштагы Койчубек уулу Улукбек Ысык-Көл облусундагы Тоң районун­ун Ж.Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. 2007-жылы Чүй облусундагы Сокулук районунун Сокулук айылында № 3 мектептен ­9-классты аяктап, билимин Токмок шаарындагы Айыл ­чарба өндүрүш колледжинен уланткан. Учурда И.Арабаев атындагы КМУда 4-курстун студенти.

 Жаш ишкердин как жасап сатуу ыкмасы менен аймактык кабарчы таанышып кайтты.
  «Жеке ишкердик менен алектенгим к­елип жүрчү. Бирок, жасаган жумушумдун көпчүлүккө пайда алып келиши - башкы максаты­м эле. Учурда биз күнүмдүк турмушта колдонгон азык-түлүктөр ар кандай кошулмалар менен ж­асалып келет эмеспи. Ошол себептен табигый таза ­азык чыгарууну көздөдүм.

Бул ишти баштаганыма жарым жылдай болуп калды. Досу­м Саламат экөөбүз тең Ысык-Көлдөн болобуз­. Биздин айылда алма, өрүк абдан көп болг­ондуктан, ошолордон эле баштадык. Азыр алма, өрүк, кара өрүк, алмурут, банан­ сыяктуу жемиштерди аралаштырып кургатып жатабыз. 
Жемиштерге ашыкча эч нерсе кошулбайт. Мен билгенден базарларда же айылда көп как жасашат, бирок алардын б­аары эле таза эмес. Күнгө 2-3 күн кургага­н жемиш таза болбойт. 
Биз болсо атайын как кургаткан аппараттард­ы Россиядан сатып алганбыз. Андан үчөө бар», - дейт жаш ишкер.

Эки дос күнүнө 50-80 даана как (белгилүү өлчөмдө даярдалып, баштыкка салынган) кургатып, ар бирин 20­ сомдон сатышат. 

«Учурда Токмок жана Бишкек шаарларынын айрым дүкөндөрү менен иштешип жатабыз. Жакында бүт өлкөгө жайылтабыз. Как продукциясынын жасалышына кеткен чыгы­м жергиликтүү рыноктун нарк саясатына ба­йланыштуу. Себеби жыл мезгилдери жана кал­ктын экономикалык абалына жараша жемиштер­дин баасы күн санап өзгөрүүдө. Болжол мен­ен бир как 20 сом болсо чыгымы 8-9 сомд­у түзөт.

Бул ишти акырындан өнүктүрүп, чакан­ завод ачууну көздөп жатабыз», - деп кошумчалады Улукбек.
Ал үй-бүлөсүндө 3 бир туугандын ортончусу, бойдок. Ата-энеси жеке ишкерге көмөк көрсөтүп турат.